Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чочуу, жалтануу, кооптонуу. Батыш калтырап коркуп, азга эшик ачкан жок (Байтемиров). Коркконунан далай эл Калган экен жашынып («Эр Табылды»). Келбей коёбу деп корктуңбу («Ала-Тоо»). Коркпо өлүмдөн, Коркконго кош көрүнөт... (Гапаров). Коркомун бөксө кеткен күндөрүмдөн, Коркомун бекер өткөн өмүрүмдөн (Бегимкулова).